АЛА-ТОО


Кечиккен соң зарыгып, Булуттан жоолук оронуп,
“Унутту” деп таарынып. Ак чачың музга боёлуп,
Коргоол менен күн санап, Көз жаш менен сай-сайды
Жүргөндүрсүң камыгып. Жуугандырсың Ала-Тоо!
Түндө жатып уктабай,
Күндүзүндө токтобой, Балама залал болор – деп,
Жолоочудан жол сурап, Кийимсиз болсо тоңор – деп,
Тургандырсың Ала-Тоо! Жолдо болсо жаш балам,
Жүрүүгө болсун оңой – деп.
Баламдан кабар укчу – деп, Каршы туруп ызгаарга,
Санаймын эрте-кечти – деп, Күч көрсөтүп муз-карга.
Кагылбаган жаш балам, Түштүк, түндүк катташын
Кандай жолго түштү – деп. Буугандырсың Ала-Тоо!
Зардап ыйлап, үн салып,
Башына түшпөй күн чалып, Жер сагынбас эл болбос,
Дөңдөн түшпөй эрте-кеч Эл сагынбас эр болбос,
Тургандырсың Ала-Тоо! Жатка моюн сунгандай,
Эр жүрөгү кир болбос.
Айлар, жылдар өттү – деп, Какпаган кирпик көзүңдү,
Кабарсыз болуп кетти – деп, Муңканып айткан сөзүңдү
Катпаган балтыр баламды Ким унутуп кетмекчи.
Кимиси мерт этти – деп, Зарыкпагын Ала-Тоо!
…Жайлоого көчүп өткөндө. Долуланып, солкулдап,
Көч үстүнөн селкиге, Алай-дүлөй толкундап.
Көз ымдап өтө кеткенде. Узатып салган Ысык-Көл,
Чыдабай селки: “ойт! чу! ай!” Зары эсимде, Ала-Тоо!
Деген кезде капчыгай,
Үнүн созгон чыдабай Мен аманмын барамын,
Баары эсимде, Ала-Тоо! Мүнөзү бар балаңын,
…Эң биринчи саламым,
Кийин кандай күн болду, Сага арнап жазгамын,
Кимдер көчтү, ким конду. Жакшы саатта күтүп ал,
Неге десең бооруңда Бул белегим, Ала-Тоо!
Тура албадым мен оңдуу.
Мурун сенден көргөндүн, Көп жашадың, көп көрдүң.
Сен эсептеп бергендин, Ачуу-таттуу жеп көрдүң.
Чып-чыргасы коробой, Тагдыр чапкан балтага,
Баары эсимде, Ала-Тоо! Кыңк этпедиң, эп көрдүң.
Илгерки күндөр үрөйүн,
Каргыш шамы жанганда, Жемдегендей жүрөгүм.
Жазыксыз кан тамганда, Эркелетип сүйлөсөң,
Таяныч издеп тырмалап, Бул белегим, Ала-Тоо!
Жөөлөп жолго салганда.

Касым Тыныстановдун башка ырлары