ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ


Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат…
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан…
Деп жалооруп көңүлүм шондо бир сынат.

Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт…
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт.

Мен өзүмдү уктаганда карасам,
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок.
Жүрөк күчүн тамырынан санасам,
Чарчагандай араң согот, алы жок.

Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан,
Тагдырына рахмат айткан азамат.

Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара,
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.

Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат.

Алыкул Осмоновдун башка ырлары