ДҮНҮЙӨ


Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүнө ким жетерсиң?

Келериңде дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Асмандагы күндөйсүң,
Кетериңде дүнүйө,
Кайгылуу көңүл кирдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Өзөнгө бүткөн талдайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Өлүмдөн бетер алдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Мөмөлүү дарак шактайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жетпеген кактайсың.

Келериңде дүнүйө,
Алмач өркөч лөктөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Тулпар минсең жетпейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Адырдан соккон желдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Кол жетпес аска белдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Ай менен күндөй жарыксың.
Кетериңде дүнүйө,
Таманы түшкөн чарыксың.

Келериңде дүнүйө,
Кош тегирмен ноодойсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Көз жетпес бийик зоодойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Алтын жагоо куштайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Кышкы чилде муздайсың.

Келериңде дүнүйө,
Алтын така тулпарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Артынан кууса жеткирбес,
Айланып учкан шумкарсың.

Келериңде дүнүйө,
Урууда күлүк дулдулсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Уясын бузган булбулсуң.

Келериңде дүнүйө,
Ташкын дайра селдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Карматпас бороон желдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Алтын тутка түркүксүң.
Кетериңде дүнүйө,
Туурдан учкан бүркүтсүң.

Келериңде дүнүйө,
Кебелбес эрдин мүлкүсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Керүүдөн качкан түлкүсүң.

Келериңде дүнүйө,
Байгеден чыккан аттайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Мөмөсү түшкөн шактайсың.

Келериңдн дүнүйө,
Көңүлүң курсант болорсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Көк шумкар алган коёнсуң.

Келериңде дүнүйө,
Курбулуу тоодо уларсың.
Кетериңде дүнүйө,
Куйругун жанчкан жылансың.

Келериңде дүнүйө,
Көк болот шамшар-канжарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Көксөө болгон чалдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жоо качырган эрдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Кейиген менен келбейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Кериде жайык конушсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Капкагы сынган комузсуң.

Келериңде дүнүйө,
Чытырман калың токойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыртылган тери чокойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Ак үйгө салган айнексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Туткасы сынган чайнексиң.

Келериңде дүнүйө,
Ала кар жаткан бийиксиң.
Кетериңде дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.

Келериңде дүнүйө,
Көкөлөп өскөн чынарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Шамалдан качкан тумансың.

Келериңде дүнүйө,
Толкуган көлдө шардайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Томугу түшкөн тайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жыйырма беш жаштайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Жыдыган кара чачтайсың.
Келериңде дүнүйө,
Караңгы тамда чыраксың.

Кетериңде дүнүйө,
Карышкыр жеген улаксың.

Келериңде дүнүйө,
Айчыгы алтын туудайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Соолгон кудук суудайсың.

Келериңде дүнүйө,
Булутсуз тийген күндөйсүң.
Жанаша чыгып ыргалган
Жазгы талдай бүрдөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Булут баскан түндөйсүң.
Карарып алса көңүлүң,
Кармаса колго кирбейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Түнкүсүн жарык айдайсың.
Адамдын көөнүн сергиткен
Жашыл гүлдүү жайдайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Кайрылып карап койбогон
Кайыры жок байдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жайкалган ыраң чөптөйсүң.
Жашылданып буруксуп,
Туш-туш жакка көктөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Эшиктен төргө өтпөйсүң,
Жардылыкка таянтып,
Жакыныңды өрттөйсүң.

Келериңде дүнүйө,
Бир туугандан ынаксың.
Караңгыда жарк эткен,
Кавхар, жакут чыраксың.
Кетериңде дүнүйө,
Душманымдан ырааксың.

Келериңде дүнүйө,
Жаз бүрдөгөн терексиң.
Жагалдантып көнүлдү
Жаш, карыга керексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Түбү түшкөн челексиң.

Келериңде дүнүйө,
Бүр алган кырчын талдайсың.
Таттылыгың тамшантып,
Шекер менен балдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Азыткыдай алдайсың.
Келериңде дүнүйө,
Жасалгалуу үйдөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Жакыныңды сүйбөйсүң.

Келериңде дүнүйө,
Ташып чыккан булаксың.
Кетериңде дүнүйө,
Желсиз өчкөн чыраксың.

Келериңде дүнүйө,
От жакпай оргуп кайнайсың.
Күн тийгендей жаркырап,
Күлө багып жайнайсың.

Дүнүйө чиркин ушундай,
Колуңдан качкан кушуңдай.

Токтогул Сатылган уулунун башка ырлары