СҮЙДҮМ СЕНИ


Сүйдүм сени, көзүм түштү көркүңө,
Бир күндө эмес, бирге жүргөн көп күндө.
Мындай иштен унут калган жанымды
Салдың кайра махабаттын өртүнө.
Эгер шоолам, мени аясаң азыраак,
Сүйбө мени, мага бетиң өптүрбө.

Сүйдүм сени, сүйүү эрки бат чакта,
Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
Алда качан унут калган нерсени
Алек кылып, алсыратып чарчатпа.
Эгер күнүм, мени аясаң азыраак,
Жакындатпа жаш колуңду карматпа.

Түшүн эркем мааниси бар булардың,
Неге сенден сүйбөгөн деп сурадым?
Эгер сүйсөң: көргө башым кирсе да,
Кол алдыңа кулдук уруп турармын.
Ошондуктан сүйбө деди жалынып,
Сүйүп калсаң кимге менин убалым?

21/XII 1945 Койсары

Алыкул Осмоновдун башка ырлары