“Төрөлгөн экем шар аккан…”


Төрөлгөн экем шар аккан,
Шаң аккан суунун боюнда
Ошондон окшойт, шар айткам,
Эмине болсо оюмда.

Төрөлгөн экем тоолордун
Чыйыр жол жеткен койнунда
Ошондон окшойт, дөөлөрдүн
Жүгү бар менин мойнумда.

Карбалас Бакировдун башка ырлары