ЖЕҢИШ ИНИМЕ (КӨЗҮ ӨТКӨН)


Он биринде гүлдөй соолуп акырын,
Оюнга да тойбой кетти акылың.
Тарамыштай кармап сени турсам да,
Түбөлүккө алыстады чакырым.

Балдар менен ойноочусуң топурап,
Байкаганга эми ордуң жок турут.
Өткөнүңө ишенбедим дале мен,
Өз колумда салсам дагы топурак.

Жерди тиктейм түшүнө албай таң калып,
Жана гана жүргөн элең чаң салып.
Жансыз жаткан абалыңа чыдабай,
Жүрөгүңө койсом гана жан салып.

Ырлар менен элесиңди аралайм,
Ыйласам да эч нерсеге жарабайм.
Жашы өткөн дарак бир күн жыгылар,
Жаш чырпыктын кыйылганын каалабайм.

Мелис Маматжан уулунун башка ырлары