“Айылдарың ойдон-түздөн, койнуңдан…”


Айылдарың ойдон-түздөн, койнуңдан
мечиттерге чейин салып жолдорун.
Созот тоодон, аргыл-таргыл коргулдан
тарамышы көпкөк болгон колдорун.

Жайыттарың эшектер жүр тебелеп,
картаң айыл малын кайда аркандайт?
Дамбал кийген даабат жерди желелеп,
дамбалсыздар ач талааңды майкандайт.

Кузгун кумдап, куюн кускан бул жолдон,
кудай да өтпөйт, жок шоораты, карааны.
Кыргыздарды өз жеринде кул болгон
каргап согот кайгы-муңдун шамалы.

Милийсалар аргамжыдай салаңдап,
акүй сайын абийрди аскан даргалар.
Жарыгы жок калаалары караңдап,
кайырчыдай каптап барат каргалар.

Билет алар таштандыда кык барын,
таштандылар Мекени го карганын.
Таштандыдай таштап жатат кыштагың,
таштап жатат кыргыз арын, арманын.

От табалбай оңду-солду оролуп,
орустардын үйрүн көздөй көчкөнү.
Сейитбектин Сергей болуп жоголуп,
Тейитбектин теги тездеп өчкөнү.

Койдун көзү оюлганы оюлган,
Мааникердин Манас кеткен артынан.
Казактарга хандын колу коюлган
кагаз кеткен… «Кара кагаз» — Каркыраң.

Улуп түшөт мөңгүлөргө аккан чаң,
дүжүрлөрдүн сөөгү күйөт ашууда.
«Мурункунун» ою менен аткан таң,
«кийинкинин» колу менен батууда…

Шайлообек Дүйшеевдин башка ырлары