“Эх жигит, неге бук болдуң…”


Эх жигит, неге бук болдуң
жамгырды тыңдап тыштагы.
Тобун кууп жүргөн футболдун
түштүбү эске кыштагың?

Сарайда сары топ турат
санааңды санга азгырган.
“Дарбаза…” дале бош турат,
бош турат күнсүп бастырмаң.

“Гол” кирсе жыргап сүйүнгөн
кыздар жок азыр баягы.
Чөөт дагы соолуп билинбей,
чөп басып калган талааны.

Сен сүйгөн бир кез күнү-түн
селкиде эми башка шаң.
Күтүүдөн үзүп үмүтүн,
Күйөө таап алган капкачан.

Эркек жок, урап дубалы,
эскирип жону оркоюп,
ээн калган тамың тур али
элетте жалгыз томсоруп.

Каймагын камдап дайыма,
камын жеп шаардан келет деп,
күйпөктөп күндө тамында
бир кемпир жүрөт сени эстеп…

Шайлообек Дүйшеевдин башка ырлары