ЖАЛГЫЗДЫК


Оттор өчөт. Кулайт жылдар акырын,
келесиң сен азың калып көбүңдөн.
Ойлор сансыз, сансыз, сансыз чакырым,
жолдор дагы сансыз жолго бөлүнгөн.

Коломтоңо башка бирөө жылынган,
ачалбайсың өз үйүңдүн эшигин.
Чагылгандар каршы-терши жыгылган,
капчыгайда калган түндөй сезимиң.

Бейтааныштай кайдыгердик, жымжырттык,
көкүрөктү тепсеп жылат калаалар.
Көздөрүңдө кош из болуп жылжыйт суу,
чегирткелер сайрап учкан талаалар,

тоолор, таштар, чийлер, гүлдөр, шыбактар,
чийне тарткан жондор каштай чийилген.
Атаар таңдар уктап кеткен убактай,
батаа кечтер таштап кеткен иңирдей.

Кайда жылдар көлөкөңдөй ээрчиген,
күлүп жанган достор кана, кайда алар? –
тилегиңе жетиш үчүн берчү дем,
күйүш үчүн күчтү берчү кайрадан?

Шайлообек Дүйшеевдин башка ырлары