ЧЕКИТ КОЮП


Калаадан көңүл калып көргүс болуп,
Айылга кетким келет келгис болуп.
Ак уруп түнөп мүрзө, мазарларга,
Ааламды кезгим келет дербиш болуп.

Асынып ак куржунду айылчылап,
Айрыкча алсыздардын жайын сурап.
Ыйлаган жетимдерге бергим келет,
Нан сурап, адамдардан кайыр сурап.

Бир кайрык билген жалгыз дубамы окуп,
Ичимден жүз кайталап улам окуп.
Олтургум келет элсиз боз талаада,
Кайт болгон досторума куран окуп.

Жадымдан собол берип улам ага,
Жолуккум келет айкөл уламага.
Дубана болуп элден тыйын жыйнап,
Кайтара бергим келет дубанага

Өзүмдү шаардан алыс ала качып,
Жарадар улагына каралашып.
Жашагым келет эркин тоо койнунда,
Кадимки кайберенге аралашып.

Каректи кең асманга улам кадап,
Учсам деп шумкар болуп улам самап.
Жанкечти, ыймансыздар толуп алган,
Жашоодон шаардагы турам жадап.

Кыргызга келген ырыс-кешик болуп,
Кылымдар турган дайым бешик болуп.
Тоолорго кетким келип турат азыр,
Жасалма бул жашоого чекит коюп…

Төлөгөн Мамеевдин башка ырлары