КОРГОЛ ЫРЧЫ ТОКТОГУЛДУН БАЛАСЫНЫН ӨЛГӨНҮН УГУЗГАНДА


Коргол:

Айталы сизге саламды,
Эшендер кылган жаңжалда,
Ак жеринен кармалып,
Айдоого кетти дечү эле.
Булбул үндүү, куш тилдүү,
Айнегим, Током, аманбы?
Түрмөдө турдуң зар болуп,
Сар оору кесел дал болуп.
Кайрылып элге келгенче,
Кайран жан кайгы кор болуп.
Жапасы күчтүү замана
Жабыркатты адамды,
Сен алыстан келгенче,
Амандашып көргөнчө,
Ноктоолуу башка бир өлүм,
Токо, аткардык жалгыз балаңды…

Калпалар кылган жаңжалда,
Караланып кармалып,
Калкынан кетти дечү эле,
Калганың кайгы жечү эле.

Кара жаак, кайчы тил,
Канатым, Токо, аманбы?
Калайлуу туур башынан,
Кайгылуу өлүм касынан,
Токо, качырдык жалгыз балаңды!.
Токо, араладың гүл менен,
Адамга жактың тил менен,
Сен алыскы соттон келгенче,
Өзүңдөн ашык болду эле,
Аркаңда жалгыз Топчубай
Аткардык жалган дүйнөдөн!..
Пендени пенде билбеген,
Белгилүү жүрөк зилдеген.
Бербейт экен кара жер,
Перзентиң жалгыз Топчубай
Бегене болгон дүйнөдөн.
Учук өтпөс ийнеден,
Уулуң жалгыз Топчубай,
Убайым болбо, кейибе,
Учурдук жалган дүйнөдөн.
Жибек өтпөс ийнеден,
Жибердик жалган дүйнөдөн…
Түздөгү коңур салкынча,
Жаркыра күмүш, алтынча,
Муунуңду бошотуп,
Жалпы агайын эл турса,
Жашыба жаман адамча.

Буурулду минип тердеткен,
Булумду кийип кирдеткен.
Муңайба жашык адамча,
Булбулуң жалгыз Топчубай
Мусапыр сапар жол кеткен.

Күлгүндү кийип кирдеткен,
Күлүктү минип тердеткен.
Күкүгүң жалгыз Топчубай
Күн тийбес сапар жол чеккен.

Карадан жорго тердеткен,
Кара киш2 кийип кирдеткен,
«Кайрылар күнү барбы?»—деп,
Калың элин дегдеткен.
Кайгырба, калың эл турса,
Канатың жалгыз Топчубай
Караңгы сапар жол кеткен…

Токтогул:

Алтындан саат бурама,
Азапты менден сураба.
«Айнегиң кетти»— дегенге,
Алсырап бошоп турам а.

Күмүштөн саат бурама,
Күйүттүү меңден сураба,
«Күкүгүң кетти»— дегенге
Күчүмдөн тайып турам а.

Кайнап, күйүп чок болдум,
Кайгылуу күнгө токтолдум.
Калайлуу туур башынан,
«Карчыгаң жалгыз учту» деп,
Кайгырта турган окшодуң.
Калтырап муунум бошоду,
Каруу-күчүм кетирип,
Кантип бир айттың ошону.
Коргол, каяктан ичтиң бозону?

Айтамын алтын санатты,
Мени армандуу күнгө жаратты.
Кабарын айтып турупсуң,
Сынды деп жалгыз саадакты.
Каруумду кетирип,
Коргол, каяктан ичтиң аракты?

Жамгыр тийбей көчкүдөй,
Ак топурак жер беле?
Атасы келсе Сибирден,
Амандашып көрүшпөс,
Топчубай, азапка туулган жан беле?!

Тамырына суу тийбес
Боорго тиккен тал беле?
Өтүп кеткен дүйнөдөн,
Топчубай, өлүмгө бүткөн жан беле?!
Жабырга мынча салгыдай,
Менде кудайдын өчү бар беле?!

Туура-туура басканда,
Турумтай сыны бар эле,
Туурга эсен жеткирсе,
Дубанга чуркаар тай эле.

Кайра-кайра басканда,
Карчыга сыны бар эле.
Каруу күчкө толгондо
Калк үчүн чуркаар жан эле.

Каркылдап каздар көл сактайт,
Кара ылаачын чөл сактайт,
Карып калган атакең
Кай жака барып жан сактайт?!

Куркулдап куулар көл сактайт,
Куу ылаачын чөл сактайт,
Куурап калган атакең
Куюгуп кайда жан сактайт?!

Түнүндө жарык панарым,
Туурумда калган карааным,
Түрмөдөн жаңы келгенде
Күйүтүн тарттым баланын.
Түн уйкумду үч бөлсөм,
Түйшөлүп чыкпайт кабарың…

Кармаган жарык панарым,
Кайрылар жалгыз карааным,
Камоодон кайтып келгенде
Кайгысын тарттым баланын,
Кайгырып ыйлап турсам да,
Кайрылып чыкпайт кабарың…

Булбулум учуп бурулду,
Чыгарбай ичтен муңумду,
Кантейин, тирүү көрбөдүм
Каргадай жалгыз уулумду.
Кайгысын тартып күнү-түнү
Картайып шорум куруду…

Күкүгүм учту элимден,
Күлпөтүм кетти жеримден,
Көзүмдөн чыккан кара жаш
Мөлтүрөп жерге төгүлгөн,
Көрбөдүм көзүн баланын
Көңүлүм калды өлүмдөн!..

Жамгыр тийбей куланган
Ак топурак жар белең?

Аксы, Анжиян, Таласта,
Акындыгым бар белең?
Аркамда жалгыз Топчубай,
Ажалга туулган жан белең?

Бүчүрү түшүп куураган,
Тамырын кырккан тал белең?
Кубанчым, сени көрбөдүм,
Кууратар мени жан белең?..

Алтын айдай нур жүзүң
Көрөр бекем дегемин,
Абактан колум бошонуп,
Келер бекен дегемин.

Айнегим чыкса алдымдан,
Өбөр бекем дегемин.
Арман кылбай дүйнөгө
Өлөр бекем дегемин.

Күлдү кыргыз журтумду
Көрөр бекем дегемин.
Күкүгүм чуркап алдымдан
Келер бекен дегемин.
Күйүттүн муңун чыгарып
Өлөр бекен дегемин…

Алтындан чидер өрбөдүм,
Абактан колум бошонуп,
Агайын-журтка келбедим,
Амандашып, көрүшүп,
Жалгызым, анан өлбөдүң…

Мууну болот жалбыздын,
Муңу болот жалгыздын,
Гүлү болот жалбыздын,
Күйүтү күчтүү жалгыздын.
Ат арытып жол келсе,
Сыйлары болбойт жалгыздын.
Ажал жетип, күн бүтсө,
Ыйлары болбойт жалгыздын…

Карайган дарак чарбагым,
Карааның көрбөй зарладым.
«Калкыман кетип калды эле,
Кайраным атам экен» деп,
Учурашып алууга,
Топчубай, келээр бекен дарманың?!

Айнегим, Топчу, эрмегим,
Арманым атаң көрбөдүң.
Арманын ичтен чыгарып
Анан кийин өлбөдүң.
Караны миндим жел үчүн,
Кайрылып келдим эл үчүн,
Калкымды көрдүм, каниет,
Колдон келер иш эмес,
Топчубай, козголбос эми мен үчүн!..

Токтогул Сатылган уулунун башка ырлары