“Бир сезим дүрт эткизет тийген токтой…”


Бир сезим дүрт эткизет тийген токтой,
Коюу түн – дүйнө менен иши жоктой.
Алдыга максатына учуп барат,
Жер шары өз огунда аткан октой!

Бирөөлөр ушул кезде конок сыйлайт,
Бир жерде нан сураган жетим ыйлайт.
Бир жерде жанталашып оору жатат,
Катуу дарт жүрөк мыкчып жанын кыйнайт.

Бир жерде таңды күтүп жатышкандыр,
Бир жерде эмгек күүсүн тартышкандыр.
Бир жерде алп бүркүттөр канат серппей
Тумшугун канаттарга катышкандыр.

Бир жерде бык-бык этип жылан сойлоп,
Бир жерде короо көздөп, бөрү жойлоп.
Бир жерде балдар чуркап келаткандыр,
Бардыгы балык издеп, өзөн бойлоп.

Бир жерде чал уктабайт ээр сомдоп,
Бир жерде кемпир алек, билик оңдоп.
Бир жерде кербенчилер ойгонгондур,
Кайрадан нарларына жүгүн комдоп.

Эх, турмуш! Канча окуя ар бир күндө?
Ойлойсуң көп нерсени жайкы түндө.
Жүгүрөт күлүк ойлор чар-тарапка
Жер шары чимирилет жүрөгүмдө…

Карасам терезеден оттор жанат
Бийикте күр-р дей түшөт учкул канат.
Жүрөктө жердин шары чимирилет,
Жүрөгүм жер шарындай салмактанат!

Турар Кожомбердиевдин башка ырлары