ӨЛҮМ ЖАНА МЕН


Мейли тоодо көк шибери төшөлгөн,
Мейли кышта муз жаадырып көшөргөн.
Мейли күздө алма багын аралап,
Мейли жазда көнөктөгөн нөшөрдөн…

Төшүбүзгө бир сабак гүл тагынып,
Бир ботинка, бир чапанды жамынып.
Дайым бирбиз. Өлүм мага ор казып,
Мен өлүмдүн мүрт кетишин сагынып.

Бир көйнөктү, бир күрмөнү кийинип,
Мен шаңдансам ал бет тытат күйүнүп.
Кызыл туудай дайым жеңип өлүмдү
Кылым бою жашагым бар сүйүнүп.

Кышта, жайда, күздө, мейли жаз мында,
Биз жашайбыз бир көк, бир күн астында.
Өлүм мага капкан салат кайсалап,
Мен тилеймин ал калсын деп жаздымда.

Бирбиз, «доспуз», бирок тынбайт тебишмей
Бирок болбойт ортобузда келишмей.
Жакалашмай. Аңга түртүү. Аңдышуу.
Барскандай муштум менен беришмей.

Жыл айлансын жаз, жай, бирде кыш келип,
Жашылдантсын сүйүү, бакыт жыш келип.
Оңолдурбай кайда жүрсөм өлүмдү
Оңколотом удаа-удаа муш берип.

Турар Кожомбердиевдин башка ырлары