АДАМЗАТ


Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.

Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта.
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.

Олуя табып Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада.
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.

Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.

Алыкул Осмоновдун башка ырлары