“Тыюу салган жактарга ташта кадам…”


Тыюу салган жактарга ташта кадам,
Түптүз кеткен жолго мен батпаган жан.
Күндөр келсин кенгуру, кентаврдай,
Баш тартамын жадатма сентябрдан.

Уктай берип жармыңар өлүп калган,
Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.
Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн
Коркпогула деңизге жолуккандан.

Не жаңылык бейтааныш тараптарда?
Канатыңды кайрыба камап тамга.
Короочулар аяймын силерди мен,
Булут көчүп, кайдадыр баратканда.

Карбалас Бакировдун башка ырлары