“Сыйын алып, сынык чыны албастан…”


Сыйын алып, сынык чыны албастан,
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүңөн.
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен.

Менин атым чымчыганда эсиңди,
Жараткандан мага бүтүн бак сурап.
Жашайсың сен өзүң менен өзүң бир,
Жар күтсөң да мендей, менден жакшыраак.

Кол серпсең да бийиктерден бийикке,
Бирок сага мунун баары кем өңдүү.
Сагынасың жаз жыттанган чачымды,
Сагынасың күн жыттанган денемди.

Сыйын алып, сынык чыны албастан,
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүңөн.
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен…

2006

Нарсулуу Гургубаеванын башка ырлары