АЯЛУУ ЖААГАН АК ЖАМГЫР


Сапарга чыксаң сен бүгүн
Саргая күтөт Алабел.
Сагыныч баскан мөңгүнүн
Саламын мага ала кел.

Таң сүрүп кетти, бол ыкчам,
Тартылуу калсын терезең.
Уйкусуз түндү жолуккан,
Узаттым далай мен эчен.

Жоодурай тиктеп калааны,
Жошолуу көзүн жаш чайып,
Каркыра сындуу карааны
Кан жолдор жатат кашкайып.

Айтылбай калып ичтегиң,
Айдалбай калып жел кайык,
Эрдиңди кырча тиштенип,
Этектен ылдый жер тайып…

Кайгырба, досум, кайгырба.
Кайрылып келээр бир убак.
Үн жетпес улуу айдыңда
Үшкүрсөң сени ким угат?

Ыйлаба, курбум, ыйлаба,
Ыркыбыз келээр бир убак,
Кыйырсыз-учсуз кыйладан
Кыйкырсаң сени ким угат?

Суктанып карек, от күйгөн
Суусамыр суусу тынбаган,
Жортуулуң болот, жок дүйнө.
Жол тартып өтөт, сынбаган.

Өтөсүң не бир издерден,
Өмүрлөр Жолго ишенет.
Күүгүмдү күтүп биз келген
Күлүгүң турат кишенеп.

Жаштыктын доорун өткөрүп,
Жакшы көр, узат, тос, айрыл.
Бороондуу карын бөктөрүп
Боздогон чыгаар Боз Айгыр.

Эңсөөдөн көңүл калышпас,
Элесиң түтөт канчага?
Чаңкайын сенден алыстап,
Чарчаба, а сен чарчаба.

Өзөгү жатат өрттөнүп,
Өкүмү күчтүү Хан Теңир.
Жарым түн жанды төрт бөлүп,
Жалгыздык болоор жан теңим.

Улгайган менен аккан жыл,
Убакыт чуркап безилдейт.
Аялуу жааган ак жамгыр,
Ардагым, сага сезилбейт.

Шабданбек Сулаймановдун башка ырлары