“Сен мени сүйгөн чакта эң курч элем…”


Сен мени сүйгөн чакта эң курч элем,
тим эле Хан-Теңири, Эльбурс элем,
дарыя элем эни кенен,
деңиз элем,
күркүрөп жерге сыйбай
күн менен эгиз элем,
кен элем абдан сейрек… эл издеген
сен мени сүйгөн чакта.
Эмичи? Дүйнөң башка…
Дөбөдөй басырылып, басырылып,
жыбылжыган булакка, чөөткө айландым,
турбастан сапырылып.
Жүрөктү сарсанаага “ме!” – деп коюп,
чачылдым ойго-тоого седеп болуп,
аларсың жыйнап кайра
бир күнү калсам дагы керек болуп…

1976-ж., (“Жүрөктүн кагышы” китебинен)

Табылды Мукановдун башка ырлары