“Эс алуу жок бутту керип жай алып…”


Эс алуу жок бутту керип жай алып,
Колдон келсе жашыргым жок аянып.
Ар кандайча кыялданат буурул баш,
Алаканды жаздык өңдүү таянып.

Табуу кыйын, канча мээни катырба,
Канча тушка калем сапты матырба.
Толгонуунун толкунунда термелем,
Тоо башында, шамал канат чатырда.

Курдаш кылып замананын арышын,
Эл кыдырам кара, күрөң, сарысын.
Эркелетип мотурайган балдардын,
Чекесинен өөп чыгам баарысын.

Сокурларга карек болуп төрөлөм,
Уулу жокко бөбөк болуп бөлөнөм.
Кан майдандан майып болуп кайтканга
Оң колтукка балдак болуп жөлөнөм.

Дүлөйлөргө ырдын шаңын тийгизип,
Бети чаарды сулуу кызга сүйгүзүп.
Кор болгондун тасмалына нан болуп,
Колу жоктун папиросун күйгүзүп…

Алпурушуп иштей берип түн менен,
Кубалашып жылдыз, турмуш, үн менен
Байкабайле ыргып чыгып чатырдан
Сүзүшкөнүм эсте калды күн менен.

Кирпигимди, мурутумду куйкалап,
Туруп калам чачтарымды уйпалап.
Күн да күлөт, от чагылып көзүнөн,
Томпок болгон сол чекесин сыйпалап.

Турар Кожомбердиевдин башка ырлары