МУЗДАК ТАМЧЫЛАР…


Канткен менен турмуш кылып кекселик,
Күндөр өтөт көр оокатка тепселип.
Уйпаланып улагадан чыгалбай,
Рухубуз баратабы бөксөрүп?!

Үнсүз-сөзсүз, башты салып төмөнгө,
Ээрчимелик тамыр жаят тереңге.
Кыбыраган тирүүлүккө шүгүр деп,
Көкүрөктө түгөнгөнбү көрөңгө?

Шашат күндөр, мезгил деген камчы бар,
Эртеңкинин жакшылыгы бар чыгар.
Кайдыгерлик жан дүйнөмдү үшүтүп,
Жүрөгүмө тамат муздак тамчылар.

Тургунбек Бекболотовдун башка ырлары