САГЫНЫЧ КАЙРЫКТАРЫ


I
Арчадай жашыл элем,
Саргайдым кара талдай күзүндөгү,
булбулдар конбой калды бутагыма.
Күн мээрин салбай калды кучагыма –
Элестеп көздөрүңдүн жүзүмдөрү,
Мен өндүү жалгыз меңиң жүзүңдөгү!

Сагыныч желесинде тыбырчылайт,
Жүрөгүм өмүр сүрүп жөргөмүштөй.
Неликтен жерлер туташ болсо дагы,
Тагдырлар айрык бойдон?
Өң көрүшпөй…
Алгамын жаздык кылып каттарыңды,
Төшөгүм жупжукабы, капкалыңбы –
Билбеймин! Көңүлгө ороп таң атырам
Кыялдар жылтылдаган асманыңды.

II
Арчадай жашыл элем.
Эмичи? Көлөкөмдө эч адам жок.
Сен келип олтурсаңчы чачыңды өрүп!
Ууз күлкүң жазга чайкап көңүл күзүн,
Кайрадан шуудурайын барик төгүп…
Капыстан тийген албуут шамалдарда,
Карс этип сынып кетсем эмне болду?
Гүлдөргө төкпө анда жаштарыңды,
Сууй түшкөн Күнгө чачпа аптабыңды!
Жыйып кой жүрөгүңдүн бир бурчуна
Саргайган жалбырактай каттарымды…

III
Арчадай жашыл элем.
Саргайдым саясында сагынычтын.
Мен тосуп бүркөө кечтин чагылганын,
Бурк этип көккө атылса жалындарым.
Ал отту көрөр белең коюу түндө!
О, анда… тростордой үзүлмөкчү
Таш көзөп саа бараткан тамырларым!

IV
Арчадай жашыл элем,
Кагырадым…
Сен качан жаз күнүндөй жадырадың?
Көрсөм, ээ, курагыңды талдан кырчын,
А балким, мөмо байлап калгандырсың…

V
Айланам, сенден эмес алтын жерден,
Айланам сенден эмес, салкын желден.
Айланам, мөңкү аккан булактардан,
Айланам, сагынычтан – уяткарган! –
Сапсары жалбырагым
түшүп бүттү,
Ичкерген манжаларым бүчүр бүрктү.
Күз булбул күүлөрүнө эрип кетти!
Бир ирет көлөкөмө келип кетчи?
Кайрадан бүтүп сынган бутактарым,
Күндү мен өмүрлүккө кучактадым!

1975-76-жж., (“Жан дүйнө” китебинен)

Табылды Мукановдун башка ырлары