Дениң соодо эринбей,
Бекерликке берилбей,
Эркиң менен жумуш кыл
«Эринчээк, жалкоо» дедирбей.
Эрдин күчү — сом темир,
Эритүүгө эр керек.
Эч оокатың болбосо,
Эгин айдар жер керек.
Эр жигиттин белгиси —
Эпчил болот термелеп,
Өз колуңда болбосо,
«Өлдүм» десең, ким берет?
Күчүң барда иштеп көн,
Күлүп жайнап, эр жигит,
Күнүмдүктү ойлобой,
Кулак байлап жер жибит.
Жакшы азамат түрдөнүп,
Жалбырттаган жалындай,
Өзүн өзү асырайт,
Уурулукка малынбай,
Уятын ойлоп ар убак,
Ушак сөзгө чалынбай.
Түрүнүп иштеп, эр жигит,
Тишиң барда таш чайна.
Ирээтиңди түзөтүп,
Иштебесең аш кайда?
Эгин айдап, чөбүң чап,
Эмгегиңден пайда тап.
Азамат болсоң, ак иштеп,
Аздыр-көптүр малың бак!
Эр жигиттин белгиси —
Кайраттуу болот жалындап,
Өз колунда болбосо,
Оңойбу оокат табылмак?
Өлмөйүнчө кор болбойт,
Өксүгөн менен ниети ак.
Жамандыкка чалынбайт,
Өз башына өзү сак.
Өлбөй тирүү калбайсың,
Жан аманат, ойлоп бак.
Ыркырашпа тирүүңдө:
Ырыс алды — ынтымак…
Ачуулуу болуп, эр жигит,
Аксымдыкка бут малба,
Көпкөндүккө жеңдирип,
Көрүнгөнгө мактанба,
Алып калгын Токоңдун
Үлгүлүү сөзүн укканда.
Карыздар болбо эр жигит,
Көтөрмөгө бурулуп.
Абийириңди кетирип,
Аласа келет чубуруп.
Андан көрө эгин бак,
Алың барда жулунуп.
Кайда качат ырыскы?
Өзү эле келет курулуп.
Эсиң кетсе, эчки бак,
Эчки тууйт үч улак.
Айраныңды мол кылып,
Саан берет үч убак.
Эч болбосо экиден
Эгиз тууйт улагың,
Эшигиңден эрмен жейт,
Эстебей тоонун тулаңын.
Эгин айдап, жакшы бак,
Жазында чыгат жалтылдай,
Кампадан ашып кап толот,
Баасы кызыл алтындай.
Жашыңда кылгын мээнетти,
Жалкоолонуп тартынбай.
Карды тойбойт адамдын
Кайрат менен иш кылбай.
Качкы болот кээ акмак
Кара чака табалбай,
Коё берет акыры
Катынын эптеп багалбай.
Иштеп жатса бир дыйкан,
Кыт-кыт күлүп табалайт.
Дыйкан кууп жолотпой
Айыл үйдөн талаалайт.
Андай сыйкыр шумдарга
Азаматтар байланбайт,
Ачык-айрым азамат
Аргымак аттай шайдаңдайт.
Карыздар болбо сүткорго,
Бардык малын сүт кылат;
Бир жылда эки туудуруп,
Жарым сомун бүт кылат.
Убагында бербесең,
Бийге салат тыткылап.
Бий-болуштар башыңан,
Арылбаган жут кылат.
Кумарын жазат куш салган,
Кымылдайт ичи кыз алган.
Куюлтуп ырдап отурсам,
Сөзүмдө барбы бир жалган?
Күнү-түнү тынчы жок
Ашка-тойго ат чапкан.
Берекеси жок болот
Бекеринен мал тапкан.
Чынчыл жакшы көрбөдүм
Чыгым албай эл баккан.
Эки колун тынчытпайт
Эт башырып, от жаккан.
Мергендиктин белгиси —
Бугу, марал, теке аткан.
Үңкүйүп үйдө жатканча
Ит агытып, сал капкан.
Курсагың сылап тынч жаткан,
Тамак даяр болгондо,
Ал урган кирип келет бир жактан.
Жардылык, байлык кимде жок,
«Жардысың» деп демитпе,
Жамандашып, эр жигит,
Бириңди-бириң кемитпе!
Аз өмүрдүн ичинде
Амандашкын күнүгө.
Өлбөгөнгө табылат
Аздыр-көптүр дүнүйө.
Алакөөдөн акмактар
Антташкан сөзгө туралбайт.
Айылына бата албай,
Акыр өзү бураңдайт.
Как ошондой адамдын
Каадасы калбайт карганча,
Өткөн өөнү билинбейт
Өлөр күнгө барганча.
Ырыс алды ынтымак,
Өлмөйүнчө кол кармаш.
Билими бар азамат,
Бир-бириңе жардамдаш.
Билинбей жүрүп бир күнү
Мүдүрүлөт алтын баш…
Өнөрүң болсо, өргө чап,
Кор кылбай, асыл жанды бак.
Эрдин көркү — эл менен,
Эмгегиң менен элге жак!