ҮЛГҮ ЫРЛАР


Дайранын көркү кемеде,
Баланын көркү энеде,
Акыл айтсаң тыңшабай,
Акмактын көркү жемеде.

Бычактын көркү кынында,
Жылкынын сыны кулунда,
Азамат болсоң, эр жигит,
Ардактуу иштен корунба.

Шибердин көркү — мал менен,
Жылкынын көркү — жал менен.
Жылдыздай жанган кара көз,
Жигиттин көркү — жар менен.

Сакалдын көркү чалда бар,
Сулуунун көркү калда бар.
Суктанып жүрбөй ар кимге,
Сүйгөнүңдү тандап ал.

Түн менен жойлой басканда,
Түлкүлөр түшөт капканга,
Түн экен деп, эр жигит,
Максатыңдан жазганба.

Жаман Адам белгиси —
Өз камы үчүн жүгүрөт,
Жакшы адам белгиси —
Эл камы үчүн күйүнөт.

Эчкинин көркү — төл менен,
Эгиндин көркү жер менен,
Эликтин көркү — төр менен,
Эр жигит көркү — эл менен.

Булбулдун көркү гүлдө бар,
Ырчынын көркү үндө бар,
Ак шумкар учса асманга,
Амалың болсо үндөп ал!

Жайлоонун көркү кымызда,
Кишинин көркү ырыста.
Намысы үчүн жоо сайган
Баатырдын көркү урушта.

Аяздын көркү музда бар,
Алгырдын көркү кушта бар,
Тамактын көркү тузда бар,
Саамайдын көркү кызда бар.

Жамгырдын көркү туманда,
Бүркүттүн көркү кыраанда,
Байкабай жүрсөң кокустан,
Кор болосуң жаманга.

Туйгундун көркү түлөктө,
Баатырдын көркү жүрөктө.
Балбандын көркү билекте,
Өрдөктүн көркү чүрөктө.

Кулпунуп туурда таранса,
Куштун көркү түлөктө.
Кошоматчы кууларды
Кондурба да, түнөтпө.

Кылычтын көркү курчунда,
Кундуздуң көркү сыртында,
Алышкан душман жоо келсе,
Азамат көркү журтунда.

Бак-дарак көркү гүлүндө,
Бакшынын көркү жининде,
Мукам-мукам сайраса,
Булбулдун көркү үнүндө.

Аргымак көркү жалында,
Алманын көркү шагында,
Ак жолборс келсе, тартынба,
Алтын башың барында.

Мылтыктын көркү огунда,
Милтенин көркү чогунда,
Жайылып малың семирсе,
Жайыттын көркү сонун да!

Туяктын көркү тулпарда,
Канаттын көркү шумкарда.
Кулундун көркү жылкыда,
Каз канаттап эл турса,
Аш, тойдун көркү ырчыда.

Темирдин көркү өгөөдө,
Жыгачтын көркү мөмөдө.
Баатырдын көркү маңдайда,
Чечендин көркү таңдайда.
Бирер түркүн эр жигит
Жетишпей жүрөт ар кайда.
Сыянын көркү каламда,
Сырыңды айтпа жаманга.
Сыр алышып, сыр түйгөн
Сырдашың келет саламга.
Жабдыктын көркү жоргодо,
Жаназа, доорон молдодо,
Жаман адам чырылдап,
Жакын болот олжого,
Жабыгып жүрсө, жигитти
«Жакырсың» деп кордобо.

Козусу кошо жайылса,
Койдун көркү ирикте,
Акылы толук азамат,
Айрылбас курбу иликте.
Тунук мүчө, тулпар сын
Дубанды бузган күлүктө.

Сулуунун көркү келбетте,
Шурунун көркү берметте.
Колуңдан келбес бир ишке
Кор болуп көңүл дегдетпе.

Ынтымак болсо калкыңда,
Душманыңдан тартынба,
Айбаты бар жигиттин
Атагы калат артында,
Күжүрмөн эрдин күчү өтөт
Күмүш менен алтынга,
Күчүң барда, эр жигит,
Күмүш өңдүү жалтылда.

Эшендин көөнү зикирде,
Уурунун көөнү пикирде,
Орозодо молдолор
Опулдашат битирге.

Сопунун көөнү азанда,
Соргоктун көөнү казанда.
Чын болсо да, жан кечти
Чыдай берет касамга.

Мергендин көзү милтеде.
Опкоктун көзү күлчөдө.
‘Жакшы аттын көркү — жал менен,
Сулуунун көркү — кал менен,
Булбулдар таңшып сайрашат
Буралган кырчын тал менен.
Жайлоонун көркү ачылат,
Жайылып жаткан мал менен,
Карыса да кемпирлер,
Калжаңдашат чал менен.

Жердин көркү ачылат
Жайкы жашыл гүл менен,
Жай сыпаты бир сонун
Жандын баары дүрбөгөн.
Дыйкандын көркү — жер менен,
Күлүктү чабат тер менен,
Кадырлаш болсо өлгөнчө
Катындын көркү эр менен.

Эл тирилик кылганда,
Эсирип уктап кур жатпа.
Иш тапшырба жалкоого,
Акыл айтпа чалпоого!

Токтогул Сатылган уулунун башка ырлары