САНАТ


Аргымакты «жаман» деп,
Бууданды кайдан табасың?
Агайынды «жаман» деп,
Тууганды кайдан табасың?

Ак саманды «жаман» деп,
Чөптү кайдан табасың?
Аз дүйнөнү «жаман» деп,
Көптү кайдан табасың?
Жарма, чайды «жаман» деп,
Этти кайдан табасың?
Акындарды «жаман» деп,
Кепти кайдан табасың?

Агарган карда көп жүрсөң,
Көзүң бир күн карыгат,
Агайынден чет жүрсөң,
Көңүлүң бир күн тарыгат.
Тууганына батпаган,
Душманына жалынат.
Болбос жаман арамза
Болумсуз ишке малынат.
Кийинкисин ойлобой,
Кишинин көөнү калынат.
Жакынына жакпаган,
Жат кишини жамынат.
Ханды кудай урарда
Калкына жаман кас болот.
Байды кудай урарда
Дөөлөтүнө мас болот.
Кышты кудай урарда
Күн жылымдап жаз болот,
Эрди кудай урарда
Элүүндө жаш болот.

Жалпы жылдыз чогулса,
Жарым шоола айдай жок,
Тогуз улак бириксе,
Баасы жалгыз тайдай жок.
Карандай чайды көп ичсең,
Бир кесим казы майдай жок.
Өңкөй бөздүн сапаты
Бир кийимдик шайдай жок.

Бычак берсең, кындап бер,
Кындап берсең, чындап бер,
Берекесиз байлардан
Бейил менен кун кетер.
Жумуш кылсаң, мудаа кыл,
Иштеп кетпе илдекер,
Кара санап бирди алсаң,
Колуңуздан миң кетер.
Чечилишип сырдашсаң,
Көкүрөктөн муң кетер.
Баарың болсоң бир ооздуу,
Душманың кантип былк этер?
Булут кетсе асмандан,
Күн ачылып жылт этер,
Ажалың жетип, күн бүтсө,
Кайран башың шылк этер.

Ак бараңдын кундагын,
Аталбасаң сунбагын,
Эрмин десең душмандан
Эки көзүң жумбагын.
Өтүп кеткен иш үчүн
Өкүнүп балаң урбагын.

Көпкөн жигит көп сүйлөйт,
Чечен жигит эп сүйлөйт,
Билбестерге жыйында
Бир сүйлөөгө кеп тийбейт,
Жөн жүрбөгөн жигиттер
Көрүнгөндөн тепки жейт.
Ким көрүнгөн кекенип
«Ушунуку өттү» дейт,
Көз карашың бузулса,
Көргөн адам «көптү» дейт.

Сүт табакты жибитет,
Айран тамса иритет.
Пайдасы жок кеп айтып,
Маңыз сөздү чиритет.
Күлө сүйлөп үйүңө
Күндө кирген күл ичет.
Эки дүлөй кошулса,
Бир-бирине күлүшөт.

Жинди менен жоолошпо,
Суу куйбагын толбоско,
Акмак болуп кетесиң,
Ачууланба болбоско.
Үгүт айтып чарчаба,
Айткан акыл конбоско.
Жолдош болсоң куу менен,
Өмүр өтөр доо менен.
Жыкмайынча качпагын,
Беттешип калсаң, жоо менен.

Суктанбагын сулууга,
Уят айтпа улууга.
Тамаша айтсаң билбеске,
Тар жерде катуу сындырат,
Жамандардын адаты —
Жалган сөздү чын кылат.
Көптү көргөн адамдар
Көнүлүңдү тындырат.
Бекерчиден безе кач,
Ушакчыдан көчө кач!
Кызыктырып кыйыкты,
Кыйын жерге жибербе,
Билбестерди коркутуп,
Алдоо менен имербе,
Жаңшап турган Токоңдун —
Насияты силерге.
Жаның менен акыл айт
Жакшы айтканың билерге.
Колуңдан келбес жумушту
Оюң менен бүтүрбө,
Алыстан келер коноктун
Кабарын укпай күтүнбө.

Айталбаган сөз үчүн
Оозуңду бекер ачпагын,
Мактаганга март болуп,
Оокатыңды чачпагын.
Колдон келер иш болсо,
Коркуп бекер качпагын,
Мурунку жаман ишиңди
Кийинки жерде таштагын.

Жолдош болбо коркокко,
Жүк артпагын торпокко,
Иш кылдырба чоркокко.

Күлүк минсең күүлөнүп,
Эки жагың каранба, —
Көйрөң атка коносуң
Көрүп калган адамга.

Сурап ичкен тамагың —
Суу ичкен менен барабар,
«Сук» атанып айлыңда
Суук болбо, жаш балдар!

Күлүк менен жарышпа.
Билимдүү менен алышпа.
Кейбир1 кылат өзүңдү
Кеп салбагын маңызга.

Көңүл калар кеп айтпа
Оору менен картаңга,
Жанын сатат кээ адам
Жарым чөйчөк талканга.

Бузук менен муңдашпа,
Уятсыз менен ымдашпа,
Болбос ишке кийликпе,
Момундук жөнү бир башка…
Алың менен күч керек
Азык оокат тыңдашка.
Акылсызга сөз айтып,
Акмак менен сырдашпа.
Аялыңды жек көрүп,
Жамандыкты ырбатпа.

Токтогул Сатылган уулунун башка ырлары