ЭНЕ ЖАНА КОЛОМТО


Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

Куурай терип, тезек терип жакканы,
Камданчуубуз казанга нан жапканы.
Эмнегедир от биздики дечүмүн –
Апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү көөлү карарган,
От күчөөчү коломтодо таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
Апакемдин колдорунан жаралган.

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
Малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн,
Апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеринде карсылдап тоо ышкыны,
Атам мага мингизчү көк быштыны.
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,
Апакемдин нандай жумшак муштуму.

Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай,
Коломтого топтой ыргып малакай.
Энем кайра алып көрүп колуна
Айтчу мага: — Ай, тентек ай, жалакай!

Уктап жатса, адетиңдир тук этмей?
Жымжырт. Жоопсуз, Кузгун дагы кук этпей.
Сен сурасаң үзүп алып очоктон
Күйгөн отту сунаар элем букеттей!

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

Турар Кожомбердиевдин башка ырлары