Сайт тууралуу


Бул сайтка кыргыз адабиятындагы мыкты деген чыгармаларды жарыялап турууну максат кылуудабыз. Анткени мыктыларды көрөө билүү – аларды өрнөк кылып, аларга түздөнүп, таянып жаңы кыргыз адабиятын жаратууга жакшы өбөлгө түзөт деген ишенимдебиз.

Адабиятта да, бардык эле адам жаратмандыгындай, кызыл данга караганда ыпыр-сыпыры көп болот. Анын арасынан чыныгы мыкты чыгарманы таап билүү көп учурда татаал иш. Ага чыныгы көркөм табит, тубаса сынчылардыкындай көрөгөчтүк керек. Бардыгыбызда эле мындай сапаттар боло бербейт.

Канчалык деңгээлде биздин тандообуз объективдүү болот деген суроо туулушу мүмкүн. Кандай кылганыбызда да толук объективдүүлүккө жетүү мүмкүн эмес экендигин жакшы билебиз. Бир гана Убакыт ага жете алаттыр. Ошондой болсо да мүмкүн болушунча калыс болууга аракет кылабыз. Биринчи кезекте, бул “Кыргыз маданият борбору” блогунун негиздөөчүлөрүнүн: Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир жана Марат Токоевдин орток пикири. Аны менен катар биз урматтаган адабиятчылардын, мыкты инсандарыбыздын пикирлерин жетекчиликке алмакчыбыз.

Бул сайтка чыгарманын аталышын гана бербестен, чыгарманын өзүн да жайгаштырганга аракет кылабыз. Кимде ким биз муну менен автордук укукту бузуп жатканыбызды билдирсе, биз аталган чыгарманы сайтыбыздан алып салууга даярбыз.

Биз менен бул дарек боюнча байланышсаңыздар болот: kmborboru@gmail.com